
11-кичи районундагы мектептен бомба боюнча маалымат түштү
28-жалган куран, 2023-ж // Без рубрики // Айпери ОсмоналиеваБүгүн, борбор калаанын 11-кичи районундагы №63 мектеп- гимназияга бомба коюлганы боюнча маалымат түшкөн. Бул туурасында Октябрь райондук милициясынан кабарлашты.
Бишкек ШИИББдин нөөмөт бөлүгүнө кабар саат 09:43 тө келип түшкөн .
Учурда ,гимназия курчоого алынып,жарандар эвакуацияланууда.
Эскерте кетсек, мындай жагдай январь айында болгон.Анда айрым мектептерде бомба коюлган деген маалымат тарап, бирок териштирүү учурунда эч кандай кооптонгон заттар табылган эмес.
Булак:Аргумент кж