Эмилбек Каптагаев, Убактылуу өкмөттүн мүчөсү: «Атамбаев чынында Апрель революциясына, анын жыйынтыгына эң көп кыянаттык кылган адам ”

Мурдагы ички иштер министр Молдомуса Конгантиевге карата козголгон кылмыш иши токтотулду. УКМКнын башкы тергөө башкармалыгы Конгантиевдин аракетинде кылмыш жасоонун белгилери жок болгондуктан ишти токтотуу тууралуу чечим чыгарганын билдирди. Ал арада экс-президент Алмазбек Атамбаев жана анын командасы бул маселени көбүртүп-жабыртып, арбактардын атына жамынып АШАнын арыгын чапкан жасалма баатырлар президентке чейин кайрылып жиберди. Убактылуу өкмөттүн мүчөсү, Апрель окуясына түздөн-түз аралашкан саясатчы Эмилбек Каптагаев “ Марал” радиосуна берген маегинде Конгантиевге кандай кылмыш иши ачылганын билбей турганын айтып, ал өзү 6-апрелде жабыр тартып калганын билдирген. “Чынын айтканда мен Конгантиевге кандай негизде кылмыш иши ачылганын билбейт экенмин. Менин билишимче, 2010-жылы 6-апрелде Таласка барып, чатакка кабылып, өзү да жабыр тартып калган. Бирок ал Таласка Ички иштер министри болуп турганда, башкача айтканда кызматтык милдети катары барды. Эртеси 7-апрелде Бишкектеги кан төгүүгө, Бакиевдердин борбордук аянтка келе жаткан элди аткылагандарына анын тиешеси жок болуп калды. Ошондуктан Таластагы башаламандыктарга байланыштуу ачылган иш токтотулган болушу мүмкүн. Мен бул жерде анын бийликке жакын болгонун же дагы башка саясий негиз көргөн жокмун”, — дейт ал. Э.Каптагаев кыргызды сураштырсаң баары тууган болуп чыгарын айтып, Апрель окуясынын максаттарын Атамбаев тепсеп кеткенин баса белгилеген. “Бакиевдин кандуу чеңгээлинен кутулганына сүйүнүп, аянтта өлгөн балдардын канынын, жанынын баасы менен жаны аман калып бийликке келген Атамбаев ошондой иш кылып жаткандан кийин эми азыр кандай моралдык баа болушу мүмкүн экенин билбей турам. Атамбаев чынында Апрель революциясына, анын жыйынтыгына, баалуулуктарына эң чоң кыянаттык кылган киши болду”, — дейт ал.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу