Улан Саляновду өлтүргөндөр чын эле саясий заказды аткарганбы?

Депутат Аида Салянованын бир тууган иниси Улан Саляновдун өлүмүнө шектүүлөр кармала элек. Арадан бир ай өтсө да Ички иштер министрлиги жарытылуу маалымат бергенге жараган жок. Маркум Саляновдун бир туугандарынын саясий заказ деп чыркыраганындай эле бар экен деп калдык. Болбосо бир айда бир илинчек табылат эле го. Эми чыркыратып бир байкуштун мойнуна илишпесе эле болгону. Аида айым сабыр кармап турат. Болбосо жарылчудай эле абалга жетти көрүнөт. Бир туугандан кымбат нерсе барбы бул дүйнөдө. ИИМ министри Улан Исраилов, уят!

Булак: “Ачык саясат”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу