Самолетко отургузуучу талонду эч качан сүрөткө тартып, соц.тармактарга жүктөбөңүз!

Самолетко отургузуучу талонду сүрөткө тартып, соц.тармактарга жүктөп коюу менен
жеке коопсуздугуңузга зыян алып келишиңиз мүмкүн. Себеби анда өзүңүздөр
билгендей, жүргүнчүнүн ысымы, каттамдын номуру, баруучу жери баары жазылат.
Ар бир талондо жеке маалыматты, (ысымын, үйүнүн дарегин, электрондук дарегин,
телефон номурун жана финансылык абалын) камтыган штрих-код болот.

Эгерде хакерлер ал штрих-кодду билип алса, жеке коопсуздугуңузга коркунуч
жаралбай койбойт. Эми элестетиңиз, сиз талонду сүрөткө тартып, фейсбукка
жүктөдүңүз. Аны канча адам көрөт. «Оң көзүң сол көзүңө душман» дегендей, сиздин
канча убакытка чейин үйүңүздө болбошуңузду билген уурулар убакыттан
пайдаланып калышы мүмкүн же болбосо банкта счетуңуз болсо андан ажырап
калышыңыз толук ыктымал. Андыктан талонду пайдаланган соң, майда бөлүккө
бөлүп ыргытып салыңыз!

Булак: gezit.kg

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу