Салымбековдор россиялык ишкерди алдап кетишкенби?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Россиялык ишкер жана инвестор Алексей Булаев видеокайрылуу жасап, президент Садыр Жапаровго жеке кайрылды. Ал Салымбековдор катышкан ишке контрол жүргүзүүнү суранды.

Ишкердин атымында, таштандыны кайра чыгаруу максатында ал $800 миңден ашуун каражат жумшаган. Бирок, тилекке каршы, анын бизнестеги партнеру Самат Сакбаев Аскар Салымбековдун тууганы жана «Эмгек» партиясынын лидери Ырысбек Мааткабыловдун уулу Ырысбек уулу Алишер менен, Свердлов районунун мурдагы акими Мурат Осмонов менен сүйлөшүп алып, андан $300 миң долларын алып кетишкен.

Ошентип алар Алексей Булаевдин компаниясына ээлик кыла башташкан.

Инвестор белгилегендей, бул иш боюнча компетенттүү органдар Салымбековдордун эл арасында кадыр-баркка ээ болгондуктан тыкыр иликтенген эмес.

«Биз тараптан төрт жолу ходатайство берилген, бирок алар эсепке алынган жок. Ал эми соттогу арыздарыбыз тез убакыттын ичинде токтотулган», —дейт ишкер Булаев.

Булаев белгилегендей, ал Башкы прокуратурага кайрылган, бирок эч кандай натыйжа берген эмес.

Инвестор россиялык инвесторлордун атынан президент Садыр Жапаровго жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге бул ишке көзөмөл жүргүзүп, адилеттүү чечим чыгарууну өтүнүүдө.

Булак.кж

Аргумент.kg