Мандатты Атазов алабы?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Кечээ, 22-мартта Жогорку Сот депутаттыкка талапкер Абдурахманхаджи Муртазалиевдин каттоосу жокко чыгарылган ишинде чекит койду. Чечимге ылайык, буга чейинки инстанциялардын өкүмү күчүндө калды.

 

БШКдан буга чейин эгерде Абдурахманхаджи Муртазалиев үчүн берилген добуштардын саны үчтөн бир бөлүгүнөн ашса, анда Свердлов округунда кайрадан шайлоо болорун, эгерде добуштардын саны үчтөн бир бөлүгүнө жетпесе, анда мандат андан кийин добуш көп алган Шайлообек Атазовго берилерин билдиришкен.

27-февралда өткөн кайра шайлоодо Абдурахманхаджи Муртазалиев Свердлов округу боюнча шайлоочулардын 19,52 пайызынын колдоосуна ээ болгон эле. 9-мартта БШК анын каттоосун жокко чыгарган чечим кабыл алган. Анда ИИМдин өкүлдөрү добуш сатып алууга шектелип жаткан агитаторлордун талапкер менен байланышта болгон фактысы далилденип, кылмыш иши козголгонун билдиришкен болчу.

Аргумент.kg