Күйөөмдүн мурунку сүйгөнү кара дуба окутуп….

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Саламатсыздарбы айымдар? Мен сиздерден кеңеш, жардам сурайм. 2 ай мурун турмушка чыккам. Жигитим сүйлөшүп жүргөндө, көзүмдү карап, баарын жасаганга даяр эле. Экөөбүз үйлөнгөндөн баштап, башка адам болуп өзгөрдү. Көзүнө жаман көрүнүп, жасаган жумуштарым жакпай, жакшы мамиле кылбай калды. Сүйлөшүп жүргөндө сөзүбүз күнү-түнү түгөнчү эмес. Сени ушунчалык сүйөм, жоготуп алгандан корком дечү. Жигитим мага чейин бир кыз менен сүйлөшүптүр, ал кыз аябай сүйчү экен. Экөө катуу урушуп кетиптир, бирок жигитимдин жанын койбой, дайыма телефон чалып, тынчын алып жүрчү. Ал кызды сүйчү эмесмин дейт. Кийин биз үйлөнгөндө Ал кыз ызы-чуу кылып, мен баары бир экөөңдү жашатпайм, сени дубалатам деп коркутуп келди. Мурда эле ушундай көзү ачык, төлгөөчүгө барып жүргөн кыз экен. Эми сурайын дегеним, кара дуба деген барбы? Чын эле окутуп салганын кантип билем, чоң молдолор дем салып, дубаны жандырат деп уктум. Кайсы жакка барсам болот, ушундай дуба жандырган молдолордун адресин бериңиздерчи сураныч.
Чыгарып бериңизчи сураныч, мен үй бүлөмдү сактап калгым келет. Жолдошумду такыр тааныбай атам, бир күнү сонун болуп сүйөм деп калат, бир күнү эле көргүсү келбей урушуп калып атат.

Аргумент.kg