Кулматовду абакта кармоо мөөнөтү дагы узартылды

Бишкектин Биринчи Май райондук соту Кубанычбек Кулматовду мектептин курулушуна байланыштуу иш боюнча тергөө абагында кармоо мөөнөтүн 31-декабрга чейин узартты.

Кыргызстандын Бажы кызматынын мурдагы башчысы жана Бишкек шаарынын мурдагы мэри Кулматов эки кылмыш иши боюнча айыпталып жатат. Биринчиси борбор калаада мектеп курууга жумшалган 2 миллион долларды пайдалануудагы жемкорлукка, ал эми экинчиси паспорт жана жарандык маселесине байланыштуу. Экинчи иши боюнча арыз кайра чакыртып алынганы кабарланган.

Кулматовдун жактоочулары жана тарапкерлери аны себепсиз камап коюшту деп нааразы болууда.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу