КТРКнын Байкоочу кеңешине талапкер тандалат

Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин курамы боюнча токтомго өзгөртүү киргизүү маселеси бүгүн Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо комитетинде каралат.

Байкоочу кеңештин төрагасы Жыпар Жекшеев “Азаттык” радиосуна билдиргенине караганда, жарандык коомдун өкүлү катары иштеп келген Айгүл Жунушалиеванын ордуна талапкерлер каралат:

— Жарандык сектордун өкүлү болгон кызыбыз Айгүл Жунушалиева чет мамлекетке окуусуна байланыштуу кетип жаткандыктан бизге арыз жазган. Биз Жогорку Кеңешке анын ордуна мүчө шайлап бергиле деп кайрылганбыз.

КТРКнын Байкоочу кеңешинин курамында 15 адам бар. Алардын бешөөнү президент, бешөөнү парламент жана калган беш мүчөсүн жарандык коом сунуштаган талапкерлердин арасынан парламент тандап алат.

Бул жолу кеңешке 2017-жылдын апрель айынан бери мүчө болуп келген Жунушалиеванын ордуна Маркабай Ааматов, Чынара Капарова, Атыркүл Сарыбаева, Мирбек Мурзабеков, Нургазы Мусаев талапкерлигин көрсөтүүдө.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу