Келинчегим мен үчүн бул ишке барганын билип, өмүр бою бапестеп өтөм дедим

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

 

Мага ишенгенин, мени катуу сүйгөнүн, мен үчүн баарына кайыл болгонун ошондо билдим. Ырас ошол күнү кызуу байкесин үйүнө жеткиргени барыпмын. Жолдо баратып мага бүт чындыкты айтып берди. А мен колумдагы алтында барктабай эле жүргөм. Чөнтөгүндө бир тыйын жок, жумуш табалбай, колуна эски дептер көтөрүп университетке барган, сабак мээсине кирбей, курсагы курулдап отурган бир жигит элем. Кабагым ачылбай жүрөт элем. Ошондо мен келинчегиме жолуктум. Жигиттер кээде ойлонбой эле иш кыла берет экенбиз. Үйлөнөм деп чыкканыма таңкалам. Дароо эле «мага тиесиңби» дедим. Ата-энеси эмне дейт, туугандарычы ойлонбоптурмун дагы. Апамдарга айтсам каршы болушту. Мен болбой үйлөнөм дедим. Билбейм, жүрөгүм ушул адам менен бактылуу болорун сезди. Туугандары каршы болушат го дегем. Келинчегим унчуккан жок. Анын үстүнө бардар үй-бүлөнүн кызы эле. Бир тыйыны жок жигитке кантип турмушка чыгып жатат деп таңкалгам. Көрсө ал чоң бороондон өткөн тура. «Карындашым сен үчүн канча бай жигиттерди чанды, билесиңби? Жок билбейсиң. Атам менен апам, туугандар аны катуу урушушту. Ал сени сөзсүз бутуңа турарыңды, жакшы инсан экениңди айтып туруп алды. Биринчи жолу болочок күйөөсүнө ишенген кызды көрүшүм. Карындашым сен үчүн далай уруш жеди. Туугандар баш тартабыз деп дагы чыгышты. Ушунча ишенгидей адамсыңбы? Айтчы күйөө бала? Мен көрбөй эле турам! Карындашым кайсы көз айнек менен көрүп турат?» Кызуу болгон байкеси ар нерсени сүйлөп баратты. Мен ага ачууланбадым. Мен өзүмө ачууландым. Келинчегим мен үчүн ушундай курмандыкка барыптыр, а мен ага эмне кылдым. Баш кошконубузга 5 ай болду. Менде баягы эле абал. Муштумумду түйдүм. Байкесин жеткирип коюп үйгө келдим. Келинчегим тосуп алды. Ушунчалык аны сүйөрүмдү билдим. Катуу кучактап алдым. Акыркы акча алган шоколадды берип, уктап калдым. Эртең мен башкача адам болуп ойгонушум керек эле. Менин аялым мындай үйдө, мындай шартта жашабайт. Э достор, аракет кылса баары болот экен. Тытынып иштедим. Бутума турдум. Далай кыйынчылыктар болду. Бирок, келинчегимди бапестеп, анын ишеничин актагым келди. Мен үчүн ишенген үмүтүн актагым келди. Жанымда болду. Ишенген көздөрү менен карап турду. Мага ошол эле жетиштүу эле. Азыр туугандары, баягы байкеси баары мага башкача мамиле жасап калышты. Мен дагы аларга сый мамиле кылам. Алар деле каршылыгы менен түрткү болушту. Азыр турмуш шартыбыз мыкты. Баягы студент жигиттен таза жүрөк гана калган. Мен ошону сактагым келди. Сыртым кычыраганым менен жан дүйнөм жөнөкөй. Кудум келинчегим мени сүйгөндөй. https://bilesinbi.kg/

Аргумент.kg