Кайрат ПРИМБЕРДИЕВ, ырчы: “Сынактын финалына өтпөй калып клубга барып…»

— 2011-жылы 26 жашымда алгачкы жолу чет жердеги сынакка катышкам. Тагыраак айтканда, менин тушоомду кескен Орусиядагы «Жаңы толкун” сынагы болгон эле. Жаңы эле ырчылыкка кадам таштап жатканыма карабай биринчи жолу өлкөмдөн сырткаркы сынакка катышып жатып аябай коркком, сүрдөнгөм, “өтөмбү же өтпөй каламбы” деп толкундангам. Анан “Жаңы толкун” сынагынын финалына өтпөй калганымда маанайым түшүп, ызалангам. Ошондо жанымдагы музыкант досум Уларбек Орусиядагы башка кыргыз балдар менен клубга алып барып аябай сыйлап, маанайымды көтөрүп коюшкан.

БУЛАК: Леди.кж

Аргумент.kg
Жооп калтыруу