Ибрагим Жунусов: “Мага кызмат сунуш кылышса, албетте, иштеп берем”

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

— Ибрагим мырза, сиз акыркы жылдары элчилик кызматты аркалап келдиңиз. Дипломаттык кызмат чыгармачыл адамга кандай таасир берет экен?

— Мен негизи жети жарым жыл элчи болуп иштедим. Түркияда төрт жыл төрт ай, Ташкенде үч жыл эки ай. Элчилик кызмат чыгармачылыкка такыр тоскоолдук кылбайт. Себеби, чыгармачылык мамиле ар бир иште керек болот. Элдин көйгөйүн гана билбестен, аны өз кыйынчылыгы сыңарындай кабыл алганды билет чыгармачыл киши. Ошондон улам элчилик иш мага оор болгон жок. Кызыккандар ТИМдин сайтына кирип көрүшсө болот, Түркияда дагы, Өзбекстанда дагы биз акыркы жети жылда эң мыкты элчилик катары аталып аттык. Бизге жыл сайын баа берилип турат. Элчиге өзүнчө, элчиликке өзүнчө баа берилет. Акыркы жылдары Кыргызстанга эң көп гуманитардык жардам Өзбекстандан келди. Россиядан дагы, Казакстан, Кытайдан дагы мынчалык келген жок. Чек ара маселеси да азыр дээрлик чечилип калды десек болот. Чек аранын 85 пайызынын делимитация, демаркация иштери, ратификациялоо бүткөн. Калган он беш пайыздын да 7-8 пайызы оозеки макулдашылган.

— 2020-жылы парламенттик шайлоого катышып, депутаттыкка дээрлик шайландыңыз эле. Бирок, акыркы шайлоого катышпай калдыңыз окшойт. Эмне себептен?

— 2020-жылкы шайлоодо мен чындап эле “Мекеним Кыргызстан” партиясынын тизмесинде үчүнчү орунда катышкам. Жакшы добуштарды алдык эле. Бирок, өзүңөр билесиңер, шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылды. 2021-жылы деле Жылдыз Жолдошова, Ахматбек Келдибеков үчөөбүз “Азаттык” партиясы менен катыштык. Анда деле жакшы добуштарды алып жатканбыз, эл үчүн кызмат кылабыз деген оюбуз бар эле. Бирок, жыйынтыгы биз күткөндөй болбой калып, мен кайрадан элчилик кызматыма кеттим. Анан президенттин жарлыгы чыккан соң кызматымды өткөрүп бердим. Мурда биздин мөөнөт төрт жыл (3+1) болчу. Соңку кезде үч жыл болуп калган.

— Азыр эмне менен алексиз? Кызмат боюнча сунуштар түшүп жатабы?

— Эки айдан бери бош элемин. Мен бул жакка кайтып келерде айрым бир кызматтар сунушталып аткан болчу. Азыр унчукпай эле турушат. Эгер “сен ушул кызматта керексиң” деп сунуш кылышып, менин колуман келе турган иш болсо, албетте, иштеп берем. Азыр күчтүн да, акылдын да толуп турган убагы. “Жок, азырынча эс ала бер” дешсе, аны да көрөбүз. Учурда эски архивдериме бир сыйра көз жүгүртүп отурам. Жети жарым жылдан бери бир да жолу эс алууга чыккан эмесмин. Бир чети эс алып атам.

«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg