Зеленский: Мен Путин менен сүйлөшүүгө даярмын, ансыз согушка чекит кое албайт окшойбуз

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Владимир Зеленский Владимир Путинди кайрадан сүйлөшүүгө чакырды. Бул тууралуу 20-мартта CNN телеканалына курган маегинде билдирди.

“Мен аны менен сүйлөшүүгө даярмын. Менин оюмча биз сүйлөшүүсүз согушка чекит коё албайт окшойбуз. Эгер бизде согуштуу токтотуу үчүн 1% шанс болсо, менимче биз ал шансты колдонуп калышыбыз керек. Ошону үчүн Путин менен сүйлөшүү мүмкүнчүлүгүн пайдаланышыбыз керек. Бирок, биздин аракеттерибиз өзүн актабаса, анда анын арты Үчүнчү дүйнөлүк согушка алып келет”,-деди Зеленский.

Орусиянын президенти Владимир Путиндин «Донбасстагы калкты коргоо» тууралуу билдирүүсүнөн кийин орус аскерлери 24-февралда Украинага басып кирди. Ошондон бери Украинанын бардык аймактарында аткылоо жана бомбалоо уланууда. Эң катуу чабуулдар Киевге, Харьковго жана Мариуполго жасалды. Жүздөгөн адамдар каза болуп, 3 миллиондон ашык адам өлкөдөн чыгып кетти.

Аргумент.kg