Бугун чыгарып жеңилдеп алгысы келет…

Жогорку Кеңештин 5-чакырылыштагы «Ата-Журт» партиясынан депутат болгон Улукбек
Кочкоров президенттикке талапкер катары катталуу үчүн Борбордук шайлоо
комиссиясына арыз тапшырды. Кочкоров буга чейин УКМКда иштеген. Улукбек мырза
бул шайлоодо утпасын билип турса да, шайлоого катышуу аркылуу саясий чөйрөдө
төмөндөп кеткен аброюн калыбына келтирүүнү көздөп жаткандай. Дегенибиз, Кочкоров
чек ара маселесине байланыштуу президент Алмазбек Атамбаевге асыла коём деп,
парламенттик шайлоодо эч ким кошпой «көчөдө» калган жайы бар. Эми ошондогу бугун
чыгарып жеңилдеп алайын деп жаткан көрүнөт.
БШК маалым кылгандай, ушуну менен шайлоого катышууга арыз жолдогондордун саны
22ге жетти. Алардын үчөөнү партия көрсөтсө, калган 19у өзүн-өзү көрсөткөндөр.

Булак: “Фабула”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу