Бек Борбиев: «Ырчы десе эле чалкасынан кеткендер бар. Роза мыкты уюштургуч»

Эстрада жылдызы Бек Борбиев Роза Аманованын ректорлугу боюнча өзүнүн пикирин билдирди:

«Достор кээ бир адамдардын тайыздыгына таң калып бүтпөйсүң. Роза Аманова ректор болуптур деп күйүп, өмүрлөрү кыскарып атат. Ректорлук- бул менеджер, уюштургучтун жумушу. Ал ректор болгон окуу жай мамлекеттик эмес, жеке менчик окуу жай болсо керек. Өзүң ошондой окуу жай негиздеп, ректор болуп ал. Эч ким кой дебейт. Ырчы десе эле чалкасынан кеткендер бар. Роза мыкты уюштургуч,ырчы. Ийгилик каалайм»-деген пикирин калтырган.

Эске сала кетсек, мындай кабар расмий эмес булактардан тарады. Социалдык түйүндөрдүн колдонуучулары “эми кыргыздын келечектеги дарыгерлери артисттен билим алышаарын” айтып, таң калышууда. Ал эми расмий маалыматтарда, Р.Аманова бул университетти 2016-жылдын июль айынан бери башкарып келет. Бейформал маалыматтарга таянсак, аталган медициналык университет Кубанычбек Жумалиевдин бизнес империясынын бир бөлүгү жана окуу жайды пайда табуу үчүн иштетишет. Ал эми Роза Аманованын экс-премьер, ЖК депутаты, Кубанычбек Жумалиевдин жубайы экени маалым.

Юстиция министрлигинин базасы боюнча, университеттин негиздөөчүсү “Аструм-Берекет” ЖЧКсы, фирма Бишкектин Анкара көчөсү, 1/17 дарегинде жайгашкан, 2018-жылдын 25-июнунда кайра каттоодон өткөн. Ал эми “Аструм-Берекеттин” кожоюну Мырзабеков Султан Медетбекович менен “Берекет”ЖАКы.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу