Байыш Момунов,ырчы: «Шариятта бирөөнүн үй-бүлөсүн толугу менен билбей туруп, ушак кылып сөз тараткандар күнөөгө батат экен»

-Байыш мырза, саламатсызбы? Айтсаңыз,азыркы учурда теле жаатында сизди көп байкоого, көрүүгө болот. Теле жаатына кандайча келип калдыңыз?

-Саламатчылык.  Теле жаатына келип калышыма, КТРК уюштурган “Академия үч” долбоору себеп болду. Бул долбоордо атайын кастинг жарыяланып, мен өзүмдү ыр жаатында эле эмес , алып баруучулук өнөрүн аркалап көрүүнү чечип, кастингке катышып, өтүп кеттим.

-Алып баруучулук жөндөмдү аркалоо бир топ кыйынчылыкка турса керек, бул тармакта көбүнчөсү сизге ким дем,күч-кубат берип турат?

-Бул тармакта мага көмөктөшкөн, мени колдогон, кыргыздын сыймыгы десем да жаңылышпаймын. Кыргыз Республикасынын Эл артисти Тамара Жаманбаева эжекеге ыраазычык билдирем. Теле тармагында иштеп калышыма ушул эжекенин салымы абдан чоң.

-Сизди телеалпаруучулук менен тамадалыктын артынан жүрүп, обончулукту таштап койду дешет, мунун канчалык чындыгы бар?

-Жок, баары өз ордунда кетип жатат. Обончулукту таштап салган жокмун, баарын бирдей алып кетүүгө аракет кылып жатам десем болот. Элдин кызматына да, ыр жаздырууга да жетишип жатам. Буюрса, жакында жаңы “Жүрөгүм” аттуу ырымды уга аласыздар.

-Өзүңүз жараткан обондордун ичинен кайсынысы элге кеңири тарады деп ойлойсуз?

-Негизи баардык обондорумду жан дүйнөм менен жазып, элге тартуулайм. Бирок, алардын ичинен, “Жүрөгүмдө орун бирөө”, “Анын мерседеси бар” жана башка ырларым элдин купулун толтура алды деген ойдомун. Андан сырткары, Бек Борбиев агабызга таандык “Ак жоолукчан” аттуу ырын аткардым. Бул ыр да элге жугумдуу болду десем болот.

-Бирөөнү алдап, же алданып көрдүңүз беле?

-Ооба, көп ирет эле алданып калам. Ишенчээк адамдардын катарын толуктаганданбы, айтор алдоолорго көп ирет туш болдум. Бирок, бирөөнү алдай албайм, алдасам да окшошпой калат (күлүп).

-Сиз үчүн жашоонун маңызы эмнеде? Жашоо сизге эмнеси менен кызык?

-Мен үчүн жашоонун ар бир күнү маңыздуу. Үй-бүлөмдө тынчтык, балдарым маңдайымда, өзүм сүйгөн кесип менен эмгектенем, бул да болсо эң чоң бакыт. Албетте, жашоону дагы да кызыктуу кылып жашоо өзүбүздүн колубузда. “Жашоо ушул турбайбы”-деп эле тым болуп калбай, колдон келген аракетти кылып, кылган ишибизден эргүү алсак, жашоонун дагы бир кызыгы ушунда. Чынында бул жашоо озүнчө башкача, турдүү адамдарга бай. Жумушум менен көп иш-чараларга барып, көп кырдуу адамдар менен баарлашып, алардын жакшы жагын өзүмө алып, жашоомо керектүү тажрыйба топтойм. Жашоо мага ошонусу менен да кызык.

-Сиздин үй-бүлөңүзгө кийлигишип, сөз кылгандарга эмне деп кайрылмаксыз?

-Сиздин сурооңуздан улам, бир ыр саптары эсиме түшүп кетти, «Билбей туруп жаратымды тырмаба, билбей туруп сынга алып сындаба. Билбей туруп менин жашоо сырымды, жалган айтып ушак сөзгө чырмаба»-деген сонун сөздөрдөн куралган ыр саптары дал ушул бирөөнүн үй-бүлөсүнө баш баккандарга арналат. Азыр баарыбыз бирөөнүн үй-бүлөсүнө кийлигишип кетпедикпи. Ошондуктан, айтаар элем, бирөөнүн эмес, өзүңүздүн жашооңузга кожоюн болуңуз. Ар бирибиз башканын үй-бүлөсүнөн кемчилдик издебей, өзүбүздүн үй-бүлөнү бекемдесек. Шариятта бирөөнүн үй-бүлөсүн толугу менен билбей туруп, ушак кылып, сөз тараткандар күнөөгө батат экен. Бирөөнүн үй-бүлөсүн сөз кылаарда, өзүңүздүн үй-бүлөңүздү да ойлоп коюуңуз. Кудайым ар бирибизге ыйманыбызды кошо берсин. Мен эч кимдин алдында актангым келбейт, кудайдын астында таза болсом болду.

-Жашоонун кыйын кырдаалдарын кандай жол менен жеңесиз?

-Өзүңүз билгендей жашоо бир калыпта кете бербейт. Кээде бактылуу учурлар, кээде кыйын кырдаалдарга туш болобуз. Адам баласы ар бир учурга көнөт экенбиз, сабырдуулук мүнөзгө токтолуп, баарын жеңгенге аракет кылабыз. Кыйынчылыкты жеңүү үчүн ар бирибизден бир гана мүнөз талап кылынат. Ал сабыр…

-Сизге айтылган сындарга көз карашыңыз…

-Мага айтылган сындарга маани деле бербейм. Баардык адамга бирдей жагуу кыйын, ар ким өзүнүн мүнөзүнө, деңгээлине жараша кабыл алып, мени сындайт дегендей. Айтып коёт го, “ сен жакшы адам болгонуң менен, сени жек көргөндөр четинен чыгат.Баарына жагам деп кыйналбай, жараткандын ыраазычылыгына убаралан”,-деп. Мен бирөөгө жакшы көрүнөйүн деп деле аракет кылбайм, кылгым да келбейт.

БУЛАК:argument.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу