Бабанов эс алууга кайда кетти?

Албетте көпчүлүк деле түшүнүп турат. Бул Президенттик шайлоодо Өмүрбек Бабановдун нервида акчасы да аябай короду. Эми чындап эле эс алышы керек. Бирок ал эс алам деп кайда кетти? Бул жөнүндө так маалымат жок окшойт. Чет өлкөгө кетти дегендей болгоол бар. Акыркы пресс-конференциясын өткөрүп жатканда: “Сизге каршы кылмыш иши козголсо эмне кыласыз?” — деген суроого ал кыска гана: “көрө жатабыз” деп жооп кайтарган.  Балким бул жөн гана эс алуу эместир?  Шайлоонун эртеси эле Бабановго кылмыш иши козголушунун мүмкүндүгү тууралуу күбүр-шыбыр эмнеге көбөйүп кетти? Анын тегерегинде деле оңду-солду түшүнгөн карышкыр аналитиктер деле жок эмес да. Же балким дал ошолор ач кулактан тынч кулак кете тур дештиби? Анын үстүнө буга чейин “Он-адырдагы” өзбек калкы менен жолугушуу учурундагы сөздөрү үчүн материал башкы прокаратурага өткөрүлгөндүгү тууралуу маалымат тарап кеткен. Айтор Бабановдун эс алуусу жогорудагыга окшогон далай суроолорду жаратууда. Ага Өмүрбек мырза өзү гана жооп бере алчудай. Кыскасы бул эс алуу саясий эммиграция болбосо эле болгону.

Булак:ARGUMENT.KG

Аргумент.kg
Жооп калтыруу