Алымкадыр Бейшеналиевге ийгилик гана каалаш керекпиз

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Азыр өлкөдө бир гана медицина тармагында реформа жүрүп жаткансыйт. Калган жагында эмнегедир жылыш байкалбайт. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев бул жаатта аябагандай катуу күрөш жүргүзүп жатат десек жаңылбайбыз. Ондогон жылдар бою мекемени менчиктеп, элдин жонунан кайыш тилген тамырлуу коррупционерлерди тайманбай сууруп ыргытып жатат.
Эми аларды алсаштыргыс кадр, кайталангыс дарыгерлик талантка, билимге ээ дешке да болбойт. Анткени баары тең пенсия жашында, кол алдына иштей турган врачтарды топтоп алып митечилик кылган эле бирөөлөр окшойт. Анын үстүнө Кыргызстанда мелициналык билим берүү базасы кудайга шүгүр эле. Жараган врачтар толтура, уучубуз куру эмес.
Министрге ийгилик каалайбыз. Жок дегенде бир тармакта реформа жүргүзүп жатат.

Бурганак Толкунов

Аргумент.kg