Эки милиция 13 жашар кызды алмак-салмак зордуктап… Начальник Азамат Ногойбаев кызматтан кетеби?
24-жалган куран, 2022-ж // // Айпери ОсмоналиеваСвердлов РИИБнин эки участковыйы 13 жашар кызды алмак-салмак зордуктап жүрүп, акыры билинип калгандан кийин камалышканы кабарланды. Бул боюнча бизге өздүк булагыбыз билдирди. А эмнеге маалыматты жашырып жатышат? Коомчулукта резонанс жаралып кетүүдөн айбыгыштыбы?
Мындай оор кылмыштан кийин Свердлов РИИБнин начальниги, орун басарлары, ошол эле кезде Бишкек ШИИБнин башчысы Азамат Ногойбаев тийешелүү жетекчилери менен кызматтарынан айдалышы керек.
Дал ушулардын жөндөмсүздүгү, шалаакылыгы үчүн алдындагы кызматкерлер үрөй учурган окуяга кириптер болушту да, туурабы? Бул боюнча жогорку жетекчилик мыйзамдуу, калыс чечим кабыл алышы зарыл.
Булак: Азия News гезити