Муздак суу өчүрүлө турган аймактар суу алууну унутпа
21-жалган куран, 2022-ж // // Айпери ОсмоналиеваБишкек шаарынын айрым аймактарында муздак суу токтойт. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта, суу алгыч жана шаардагы таза суу түтүктөрүндө оңдоо-профилактикалык иштер жүргүзүлүп жаткандыктан улам айрым аймактардынимущдак суусун убактылуу өчүрүлөт.
Андыктан өзүңүздүникеректүүңүзгө жараша муздак алып алууну унутпаңыз. Муздак суу 22-мартта саат 9.00дөн 15.00гө чейин 7-апрель, Анкара, Октябрьская, Менделеев көчөлөрү менен чектешкен аймактарда жана темир жол тилкесинде болбойт.
- Бишкек шаарынын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты жана мекемелерди ичүүчү суу камдап алууну суранат.