Жактоочу: «Атамбаев сотко мажбурлап жеткирилген»

Жактоочу: «Атамбаев сотко мажбурлап жеткирилген»

23-жалган куран, 2022-ж // // Айпери Осмоналиева

Мурунку президент Алмазбек Атамбаев Биринчи май райондук сотуна жеткирилгенин 23-мартта жактоочусу Замир Жоошев билдирди.

Жактоочунун айтымында, А.Атамбаев сотко мажбурлап жеткирилген.

Отурумда 2019- жылдагы Кой-Таш окуясына байланышкан иш каралат. «Ден-соолугунун абалы оор экени тууралуу серепчи-дарыгерлердин бүтүмүнө карабастан сотко мажбурлап жеткирилди», — деди жактоочу З.Жоошев.