Дайынсыз жоголгон пенсионер муздаткычтан табылды

Дайынсыз жоголгон пенсионер муздаткычтан табылды

22-жалган куран, 2022-ж // // Айпери Осмоналиева

10 жыл мурун дайынсыз жоголгон пенсионер Рой Биг Лондондогу кароосуз калган пабдын муздаткычынан жансыз денеси табылды.

Daily Mail билдиргендей , Рой Биг 2012-жылдын февралында Ньюхемде жоголуп кеткенде 70 жашта болчу. Ошондон бери ал изделүүдө. Эркектин жансыз денесин пабды оңдоп жаткан курулушчулар табышкан. Белгиленгендей, сөөк өткөн жылдын октябрь айында табылган, бирок бул тууралуу азыр эле милиция кабарлаган.

» Ройдун сөөгү муздаткычта бир нече жыл жаткан мүмкүн » деди башкы детектив инспектор Келли Аллен.