Сиздин энергияңызды азайтып жаткан адам ким?

Биз күнүмдүк жашообузда, айлана-чөйрөдө, тууган-досторубуздун арасында ар дайым өзүнүн жеке меселесин айтып, даттанган адамдарды кездештиребиз.

Алардын даттанууларын эмне себептен укпоо керек?

Ансыз деле бул дүйнө дайыма ыйлап, даттана бергендерге туруштук бере албайт. Себеби, адам даттанган сайын, андан жаңы көрүнүштөр чыга бермекчи.

1.Сиз андай адамдарды угуп жатып, өздүк энергияңызды жок кылып, алсыздана түшкөнүңүз байкалат. Анткени, андай адамдар сиздин энергияңызды соруп алат.

2. Ал адам өзүнүн жеке маселесин даттанып, сизди жөн гана манипуляция кылып жатышы мүмкүн.

3.Эмоционалдык түзүмдүн начарлашы. Даттанган адамдардагы терс энергия, сиздин эмоционалдык түзүмүңүзгө да түздөн-түз таасирин тийгизет.

Эмне кылуу керек?

Өзүңүздүн убактыңызды, күчүңүздү, нервиңизди сактайм десеңиз, анда дайыма датта бергендерден алыс болуңуз.

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу