Актан Рыскелдиевдин апасы, Айымкүл эже: «Актандын апасы экенимди кебетемден эле билип алышат…»

Тамашоучу, “Эл эмне дейт?” долбоорунун резиденти, тамада Актан Рыскелдиев азыр улуу-кичүүгѳ таанылып калды. Ѳзгѳчѳ жүзү, ѳзгѳчѳ үнү бар таланттын балалык кылык-жоруктары, уул катары артыкчылыктары тууралуу апасы сыймык менен айтып берди.

-Айымкүл эже, Актан сиздин канчанчы балаңыз?
— Жолдошум Жапар экөөбүздүн эки уул, бир кызыбыз бар. Улуу балам Дастан төрөлгөндөн кийин кийинкисинин кыз болушун өзүмчө тилеп жүргөм. Бирок удаа уулдуу болуп Актан жарыкка келди. Эки уулумдан кийин алты жыл балалуу болбой жүрүп бир кыздуу болгонбуз. Үйдө кыз болуусун Актан да чыдамсыздык менен күтчү. Бир жолу жолдошум жаңы туулган эркек күчүк алып келсе “бизге ургаачысы керек болчу, ээ” деп күлдүргөн. Актандын атын атасы улуу манасчы, акын Актан Тыныбековдун, Дастандын атын Дастан Сарыгуловдун атынан ырымдап койгон.

-Балдарыңыз кандай тарбияда чоңоюшту?
— Атасы экѳѳбүз тең Нарын шаарындагы пединститутту аяктаганбыз. Мен математика мугалими, жолдошум кол эмгек жана чийүү сабактарынан мугалим. Биз эле эмес, балдарымдын чоң ата, чоң апасы да мугалимдер болушкан. Бирок балдарды аябай деле катуу кармабай өз ойлору менен коюп, эркин чоңойттук. Тентектик кылса да мен катуу урушчу эмесмин. Атасы болсо “силердин атыңарды атайын атактуу адамдардын аттарынан койгом, ошол аттарга татыктуу болгула” деп кулагына куюп чоңойтту. Дастан мектепке алты жашында барган. Актан болсо агасын мектепке ээрчип барып жүрүп төрт жарым жашында эле ѳз каалоосу менен орус класста окуп калган. Экөөнү эгиздей кылып бутунан башына чейин окшош кийинтчүмүн. Балдар кичинекей кездеринде эле айылдагы үйүбүздү сатып шаарга көчүп келгенбиз. Шаарга келгенде мен базарга чыктым, жолдошум автобазага жумушка орношту. Менчик үйүбүз жок батирден-батирге көчүп жашадык. Батир которгон сайын балдардын мектебин да которууга туура келчү. 5-класс кездеринде бизге жардам беребиз деп дем алыш күндөрү араба сүйрөп, өтүк майлап, пирожки сатып тырбалаңдап иштешти. Китепти көп окушту. Эки уулум тең бир жылда Искусство Университетинин бюджеттик бөлүмүнө өтүштү. Жогорку окуу жайдагы окуусун ийгиликтүү аяктагандыгы үчүн, Актан Орусияда бекер окууга жолдомо да алган. Бирок, “иштейм” ден ал окуудан баш тарткан.

-Актандын кандай кылыктары эсиңизде унутулгус болуп сакталып келет?
— Актан абдан тентек болчу. Агасы жоош. Жумушка барарда туугандарга же кошуналарга табыштап кетчүбүз. Бир күнү үйгө келсем килемдер чаңызгып эшикте жатат. Кѳрсѳ, экөө мештин ичиндеги күлдү камаз менен кум ташыдык деп ташып ойношуптур. Экөө бозала болуп көздөрү эле калыптыр. Кайын сиңдим келип калып үйдү жыйнап жаткан экен. Дагы бир жолу Актан эки жашында балдарымды коляскага салып таякемдикине айылчылап баргам. Жолдошум жумушта эле. Кирип баратып “балдар чыгып кетпесин” деген ой менен дарбазанын илгичин бекиткем. Анан эле жанымда ойноп жүргөн балдарымды заматта таппай калдым. Жеңем кирдин суусун төккѳнү чыгып эшикти ачык таштаганын дароо билдим да көчөнү көздөй чуркадым. Үйдүн жанында аккан канал жакта бир топ аскер жабалактап жүрүшүптүр. Ары басып эле Актандын жээкте жатканын, Дастанды бир аскер суудан көтөрүп чыгып келатканын көрдүм. Нес болуп калдым. Актанды дем алып жатат деп колума карматышып, Дастандын тамыры сокпой жакын жердеги ооруканага унаа менен алып жѳнѳдүк. Доктурлар эки баламды тең жандандыруу бөлүмүнө кабыл алып, мени балдардын кийимдерин алып келүүгѳ жиберишти. Үйгө кандай жеткенимди билбейм, оюма да бир жакшы нерсе келбейт… Эмнегедир “доктурлар мени алдап атайын жиберишти, балдарым өлүп калды” деп ойлой бердим. Колума тийген кийим, оюнчуктарды алып жатып да “ушулар менен ойношчу эле…” деп жаман болуп жаттым. Ошентип, кайра ооруканага барсам доктурлар: “Эки балаң тең эсине келди, эгиз балалуу болдуң” деп сүйүнчүлөштү. Балдарымды колума алганда гана тирүү экендигине ишенгем. Көрсө, экөө каналга балык кармаганга барышыптыр. Актан кокустан сууга түшүп кетип, Дастан аны куткаруу үчүн түшүптүр. Кийин бул үчүн балдарыма түлөө өткөрдүк. Бул окуя ушул күнгө чейин эч кимибиздин эсибизден кетпейт. Балдарым өздөрү да “биз бир ажалдан калган балдарбыз” деп калышат.

-Балаңыздын келбети сизге окшош экен, талант кимден ѳттү экен?
— Менин келбетимден эле Актандын апасы экенимди билип алышат. Келбети мага окшош болгону менен мүнөзү атасыныкы. Тамашакөйлүгү, сөздү таап, тамашалап сүйлөгөнү бүт атасынан ѳткѳн. Актанды урушуп жатсаң да ар нерселерди айтып күлдүрүп турчу. Ѳзү кичинекейинен сүрөттү жакшы тартчу, бирок, ал өнөрүн уланткан жок. Мектеп мугалимдери музыкага шыгы бар деп, ушул жааттан билимин жогорулатууну сунушташкан. Уулум жакшы ырдайт, бирок, Тамашоудон кийин тамаша жагына ооп кетти.

-Энелер күнүндө балдарыңыз үчүн президенттин ыраазычылык баракчасы менен сыйландыңыз. Сизге бул күтүүсүз болдубу?
-Улуу балам Дастан кино тармагына өз салмагын кошуп жүрөт. Анын Бакыт Мукул менен биргеликте тарткан “Аталар керээзи” тасмасы кырк өлкөнүн сынагына катышып 23 баш байгеге ээ болгон. “Ак илбирс” кино сыйлыгында тасманын монтажёру Актан “Мыкты жасалгалоочу”, Дастан “Мыкты режиссёр” наамдарды алышкан. Ушундай эмгектери менен Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан уулдарды тарбиялаганым үчүн президенттин колунан ыраазычылык барагын алдым. Чакырууну укканда албетте толкунданып, сүйүндүм. Балдарым “сизге сюрприз кылалы дегенбиз” дегенде ого бетер көзүмө жаш келди. Негизи биздин үй-бүлө жолдошумдун, балдарымдын кызматы, окуусу үчүн алган грамоталарга бай. Менде гана мындай баалуу кагаз жок эле, эми болгондо да президенттин колунан алдым. Бул чоң сыймык болду.

-Балаңыздын жасаган ишин сындап турасызбы?
— Актан студент кезинде көп иш-чараларга катышып, мени чакырчу. Тамашоуго да калбай барчубуз. Азыр “Эл эмне дейт?” долбоорун калтырбай көрөбүз. Актан чыккан газета-журналдарды чогултуп турам. Сын айтайын десем, балам үй-бүлөсү менен бөлөк жашайт. Келгенде неберелеримди эркелетип жытына тойбой жатып баламды сындаганга убакыт артпай калат.

-Актандын өзбек улутундагы кызга үйлөнүүсүн кандай кабыл алдыңыз эле?

-Актан Феруза менен сүйлөшүп жүргөндө эле “башка улуттун кызына үйлөнөм. Капа болбогула” деп эскертип жүрдү. Биринчи укканда “кыргыздан кыз калбай калыптырбы, кантип тил табышабыз” дедик. Уулум адатынча күлүп жеңди. Азыр келиним мага кызымдай. Аябай шамдагай, бетке айтат, орус мүнөз болуп өссө да орусча сүйлөбөйт, бизди сыйлап турат, тамакты түрлөп жасайт. Биз менен чогуу эки жыл эле жашады. Уулума: “Мурдагыдай батирлеп жүрсөк бир жөн, чогуу эле жашай берели” десем болбой ижарага батир алып өз алдынча кетишти.Жаш үй-бүлөнүн өз алдынча жашоого көнө бергени оң деп анысын колдогонбуз.Улуу балам үйлөнсө биз менен болот.

БУЛАК: Леди.кж

Аргумент.kg
Жооп калтыруу