Коом

Зыяратчылар кичи ажылыкка Сауд Арабиясына учуп кете баштады

Пандемия башталгандан бери Кыргызстандан Сауд Арабиясына алгачкы зыяратчылар Жедда шаарына 27-сентябрь күнү учуп кеткен. Экинчи топ 9-октябрда кичи ажылыкка даяданышууда. Барууну каалагандарда коронавируска каршы эмделген деген эл аралык сертификаты бар болушу керек. Бул тууралуу “Умра” агенттигинин өкүлү билдирди.

“-Кичи ажылыкка 18 жаштан жогору, вакцина алгандар гана бара алат. Зыяратчылар Сауд Аравия жактырган Pfizer, Moderna, Johnson&Johnson, AstraZeneca вакциналары менен эмделген болушу шарт же ПЦР-тесттин терс жыйынтыгы көрсөтүлгөн эл аралык сертификаты болушу зарыл”, дейт.

14 күндүк кичи ажылыктын баасы 1450 доллар.

Жайында Сауд Аравиясынын бийлиги коронавируска каршы вакцина алган чет өлкөлүктөргө кичи ажылык жасоо үчүн өлкөгө кирүүгө уруксат берилерин айткан. ​Өлкөгө киргенден кийин зыяратчылар карантинден өтүп, андан кийин кайрадан анализ тапшырууга тийиш экени кошумчалаган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *