Өзүн Петр 1ге теңеген Бейшеналиев кызматтан кетпей турганын жар салды

«Кимдир бирөө реформа жасашы керек да», – деди Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев. Бул тууралуу ал жергиликтүү басылмалардын бирине берген маегинде айткан.

Анын айтымында, реформа жасагандар көбүнө жакпайт.

«Петр 1 да Орусияда реформа жасаганда элдин баары жек көрүп, кийин анын баарын туура кылганын тарых көрсөттү. Жыл ичинде жасаган иштеримдин баары эл үчүн. Президент, эл, бардык дарыгерлер абдан кубанып жатышат. Репутациядан коркпогон, реформа жасаган министр келди деп», – деп билдирген Алымкадыр Бейшеналиев.

«Башка министрлердей болуп отуруп алып, 30 жылдан бери иштеген башкы врачтар менен директорлордун ыраазычылыгын алсам болмок. Алар уурдап коюп отура беришкен. Мен азыр кызматтан кетпейм, эл үчүн дагы көп нерселерли жасашым керек. Президент менин реформамды колдойт. Анткени ал бирөөнүн кызыкчылыгын эмес, эл үчүн иштөөгө келген», – деп кошумчалады ал.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда министрдин реформасына каршы жана анын отставкага кетиши үчүн дарыгерлердин колдорун чогултуу башталган.

Add your comment

Your email address will not be published.