Зулушев менен Ташиев кармашып жатабы?

Зулушев менен Ташиев кармашып жатабы?

17-үчтүн айы, 2023-ж // Саясат // Айпери Осмоналиева

Кийинки мезгилдерде коомчулуктун көңүлүн бурган маселе УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев менен башкы прокурор Курманкул Зулушевдин мамилеси болууда. Узуун кулактардын айтымына караганда, учурда экөөнүн тиреши күчөп баратат. Буга мисал катары: Ташиевге каршы каяша айткан «көпөз» депутаттарга прокуратура эч кандай иш козгогон жери жок. Ошондой эле көп ачыкка чыкпаган карама-каршылыктары да бар имиш. Бул жерде Садыр Жапаров эч кимисине тартпай нейтралдуу позицияны кармап отурганы каңкуланып жатат. Айрым эксперттер бул эки дөөнүн кармашы жөнүндө маалыматтар жаздын келиши менен ачыкка чыга баштайт дешүүдө. Ага чейин соцтармактарда кана эки тараптуу билинип билинбеген чабуулдар жасалып жатат. Бул экөөнүн кармашы саясатка кандай түс берет? Аны да жазында билет окшойбуз…

Булак: Аргумент.кж