
Зулушев эки досту ажыратып жатат…
27-жалган куран, 2023-ж // Саясат // Айпери ОсмоналиеваКРнын бийлик бутактарын колунда бекем кармап турган инсандардын бири-бири менен өз ара мамилеси тууралуу коомчулукта ар дайым ар кандай сөздөр жүрүп келет. Бул жолу президент Садыр Жапаров менен УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин ортосундагы достук мамиле кийинки учурда солгундай түшкөндүгү жабык түрдө да, ачык да, айтыла баштады. Негизи эле КРнын бийлигинде достук деген мамиле болбой тургандыгы далилденип калгандай. Буга эң негизги мисал катары мурдагы президенттер Атамбаев менен Жээнбеков жөнүндө айтылып келет. Экөөнүн коомчулукка ачык жарыялаган достугу эмне менен бүткөндүгү баарыбызга маалым. Жапаров менен Ташиевдин ортосундагы достук дагы ошондой окуяларга туш келбейби? Ансыз деле президент Жапаровго караганда, УКМКнын төрагасы Ташиевдин өлкөдөгү маанилүү маселелерди чечүүдөгү таасири күчтү экендиги ачык эле билинип калууда. Бул өзгөчө кадрлык маселелерде көп байкалат. Бирок кийинки учурда айрымдар баамдагандай Жапаров менен Ташиев көп жолукпай да калды. Ал эми бийликтин үчүнчү адамы аталган башкы прокурор К.Зулушев менен С.Жапаровдун тескерисинче жакындаша баштаганы талкууга түшүүдө. Бул экөөнүн жакынкы Нооруз салтанаттарында чогу болгондугу ММКлар менен соц желелердеги сүрөттөр жана видеолор аркылуу көрүндү. Коомчулук баамдаган бул көрүнүштөр эмнеге алып барышы, эмне менен аякташы мүмкүн ?Буга так жоопту эч ким бере албайт…
Булак: Аргумент.кж