
Зоопарктын сыртына белгисиз жарандар эки арстанды таштап кетишкен
03-чын куран, 2023-ж // Коом // Айпери ОсмоналиеваКечээ, 2-апрелде белгисиз жарандар Каракол шаарындагы зоопаркка 2 арстандын баласын таштап кетишкен.Бул тууралуу «Бугу-Эне» коомдук фондунан билдирди.
Фонддун директору Салтанат Сейитованын айтымында ,ташталган арстандын балдары ооруп калган.Аларды өз камкордугуна алып, Томас жана Али деп ат коюшкан.
Маалыматка караганда, жырткычтар өз кожоюндарына белекке берилен.Бирок,тилекке каршы аны бага албай , зоо паркка таштоону жөн көрүшкөн.Жарандар жырткычтарды зоо паркка өткөзүп бергендин ордуна, жашыруун таштоонуу эп көргөн.
Ал эми «ташталган эки арстан ооруп келген,кожоюндары бага алган эмес.Себеби келген жырткычтардын зат алмашуусу бузулган.Алардын бирине кальций жетишпей калган»-дейт Сейитова.
Учурда Томас менен Алиге дарылоого кеткен чыгымдар көп болуп жаткандыктан ,кайдыгер эмес жарандардан жардам сурашууда.
Булак:Аргумент кж