Коом

Жыпар: Үч балам менен бойдок, үйлөнбөгөн балага турмушка чыккым келет…

Саламатсызбы  аноним эле болсун, өзүмдүн жашоомду айтып берейин. Аллага ыраазымын бир убакта жашоом кыйындап күйөөдөн үч балам менен ажырашкам. Кайнатам айтчу үч бала менен сени эч ким албайт, төркүнгө батпайсын деп кулагыма куйуп , сиңирип койгон. Ошол сөздөргө жүрөгүм ишенип бүтүптүр. Көрсө ал убакта өтө жаш экем.18 жашымда турмушка чыгып, өзүм бала убагымда балалуу болуп , орукчан болдум. Ошондой күндөрдүн биринде голошумду сүйрөп үйдөн биринчи жолу жана акыркы чыгышым болду. Жашоого болгон көз карашым баягы атасынын айтканы менен мени эми ким алмак эле деп жүрдүм. Ошондой күндөрдүн биринде бир жигит жолукту сүйлөшүп жүрүп бир жыл дегенде баш коштук. Мен анын биринчи никесимин мурда үйлөнбөгөн. Коркуп жүрдүм ата-энен кандай кабыл алат деп, сен коркпо биздин жашоого эч ким аралашпайт деп сөзүн берген. Айткандай эле жашообуз тынч үч балама ата болуп , тарбиялап келет. Аллага чексиз шугур кылып жашайм . Азыр беш баланын энесимин. Эмне себептен ажырашканымды жазгым келбеди себеби ал күндөр артта калды, өткөн менен жашабай жаны жакшы ой тилектер менен жашагым келет. Алтынадай болгон кайнене кайнатам бар, бардыгын түшүнүп тура кабыл алышкан. Өз небересиндей мээрим төгүп карашат , балдарын чоң апа , чоң Ата деп чуркап турушат. Кошуналарым, мектептеги мугалимдер, жумушумдагы коллегаларым билишпейт балдарын чоң экен деп калышат. Менин силерге жазганымдын себеби улуу кишилерден акыл сурагым келди. Эрчитип келген балдарым билчи эмес мен сырта иштеп келдим атаңар менен деп койчумун . Анткени үч жылдан кийин турмушка чыккам ал убакта балдарым кичине болуп элдин Ата- энелериндей иштеп жүрчү деп ойлошчу, улуу балам билип түшүнүп калган. Кичүүсү үч жыл мурун мектепке берген ажырашкан тууралуу документен билип калган бирок сүйлөшкөн жокбуз. Үчүнчүсүн он алтыга чыкты буйруса көп суроолорду берет кандай жообун беришти билбей олтурам билип калса керек. Он сегизге чыкканда айтсам деп жүрдүм эле. Менин күйөөмдүн үй-бүлөөсү да өткөн жөнүндө сүйлөшчү эмеспиз. Үчөө тең он сегизге толсун деп жүргөм эми кантип айтсам болот? Кичүүм өзгөчө атасына, чоң апа сына жакын, Сенин атан башка болчу деп айтыш кыйын болуп жатат. Ушул убака чейин ичимде толуп араң батырчым убагы келет деп. Кенеш бериниздерчи

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *