Бактылуу карылыктын кучагында балкып, небере карап балпайып төрдө отурар кезде Жылдыз Жолдошева эжебиздин шүйкүмү бузулду.
Улам эле элдин нааразычылыгы күчөдү деп чычкылыктайт. Эл эмне кудайга нааразы болмок беле? Дүйнө жүзүн оору каптап, бир жагынан каатчылык кыйнап жаткан кезде эптеп жол таап мамлекетти алдыга сүрөп жаткан өкмөттү эле күнөөлөйт.
Эжебиздин зарнасы элдин баарына бештен белгилүү. Анын эңсегени бийлик болчу. Ар качандан бир качан бийликке жагалданып баласына, өзүнө кызмат сурап алчу.
Азыр болсо ал фокусу бул бийликке өтпөй калды. Баласын кызматка деле койду, иштей албагандыгына байланыштуу кайра алынды. А өзүнүн БШК төрайым болом деген тилеги таш капты. Эл эмес, нааразычылык анын жеке эле өзүндө.
Болду да эми. Жылдыз барбаган кызмат, ал жебеген бюджет калган жок. Курманжан датка комплекси тууралуу иш козголуп кала электе тынчтык кылса болот эле эжекебиз.

Маткеримов Асылкан