Саясат

Жылдыз Жолдошева: Динара, сен “аферист”, “жинди чалыш”, “келесоо”, элин, жерин сүйбөгөн акмаксың

 Саясатчы Жылдыз Жолодошева адвокат Динар Саметке жооп берди:
“Урматтуу мекендештер, өзү “жинди чалыш” (ненормальный” адамга көңүл бурбай койгону оң…
Бирок, тилекке каршы ошондой “адамдарга” кээде коомчулук ишенип алат экен.
Ошондуктан жооп берип коёюн.
Америкада жашаган, бир Динара Самет деген “келесоого” окшогон аял бар экен, өзүн акылдуу сезген. О.э. жалганды желдей тараткан…
Бул аялды мен тааныбайт экемин, өмүрүмдө көргөн эмесмин.
Бүгүн бир видеосу чыгыптыр, жөн эле “тантырайт”, “Республика Ата-Журт” партиясынын лидери кылып коюптур мени.
Экинчиден, бир туруп менин фамилиямы Джолдошбекова, Джолдошбаева дейт…анысы аз келгенсип 2013 жылы менен 40 миң доллар сурады Республика Ата-Журт партиясынын лидери катары дейт.
Мен өмүрүмдө бир партиянын лидери болгон эмесмин, тем более Республика Ата-Журттун.
Ушул жашка чыгып, бирөөдөн “бир тыйын” алган жокмун жана “бирөөгө бир тыйын” бербедим.
Анткени, Советтер Союзу бизге ушундай тарбия берген.
Экинчиден сотторду партиялар тандабайт, жолдомо да беришпейт.
Динара адвокатмын дейсиң, элементарно мыйзамды билбейт турбайсыңбы?
Кыргызстанда Соттор Кеңеши бар, ошолор тандайт болочок сотторду.
Үчүнчүдөн “былжырап” сүйлөп жатасың Ташиевтин, Жапаровтун балдары мени коркутту деп, 2013 жылы алар мектепте окуган балдар болчу. Алар сени кантип коркутат?
Динара, сен ойлойт окшойсуң, Америкада олтуруп алып, “сасый” берсем Кыргызстандыктар ишенет деп.
Жаңылышасың, сага окшогон “аферист”, “жинди чалыш”, “келесоо”, элин, жерин сүйбөгөн, ” саткын” адамдарды Кыргызстандыктар таамай ажырата билишет жана ишенишбейт.
Менин оппоненттерим берген “заказды” да эптей албапсың, канча сом төлөп беришти, мени каралаганың үчүн? 40 миң долларбы?
Байкуш десе, сага окшогондорго бооруң ооруйт…
кой андан көрө Динара “лечись, пока не поздно”.
Америкага привет передай.”-деп жазды ал.
Возможно, это изображение (‎1 человек и ‎текст «‎00:34 く 7 ا поиск 260 11 комментариев нравится поделиться динара самет 10 мар.‎»‎‎)

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *