Саясат

Жусупжан Жээнбеков менен Тазабек Икрамов шайлоого чейин эле кер-мур айтышып калды

Сузак районунан парламенттик шайлоого бир мандаттуу чөлкөмдөн аттанган үлкөндөр арбын. Алардын көрүнүктүүлөрүнө токтололу. Кеп кезеги кер-мур айтышуудан.

Тазабек Икрамов: «Сузактан мен чыгып атсам, сиз кыйналып каласыз го?» – деп атаандашы Жусупжан Жээнбековго бир тийиптир эй! Анда Жусаке: «Эй, Тазабек, көрөбүз ким кыйналып каларын…» – деген таризде кекенип, каршылык көрсөтүүгө бел байлаптыр.

Ата-баладай эки саясатчы тирешип, бир-бирин эңип түшүүгө ашыгып калганда, башка катталар алдыга суурулуп чыгышпайбы? Маселен, Сузак районундагы шайлоонун атмосферасына өзбектер эбегейсиз таасир этээрин, алардын добушу чечүүчү ынгай жаратарынан кабарыбыз бар.

Жусуке менен Тазаке кичинекей кыргыз айылдары жайгашкан аймактардан «аласаларын» талашса, берки жагын кантишет? Алдыртан уруш-талашка алдырышпай, мунасага келе алышабы?

Булак: Азия News гезити

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *