Жусупбек мырза, сиздей баатырдан балалуу болгум келет…

Жусупбек мырза, сиздей баатырдан балалуу болгум келет…

21-бештин айы, 2022-ж // Коом // Айпери Осмоналиева
(Жусупбек Коргонбай уулуна!)
Сизди парламенттин трибунасынан биринчи көргөндө эле жактырып калгам. Жасалмасы жок, таамай сүйлөп, элдин көйгөйүн айтып келесиз. Ак көңүл, ошого жараша эр жүрөк да экенсиз. Бир жылдан ашык убакыттан бери сиз жөнүндө маалымат чогултуп, таанышууну кыялданып келем — бул жашоодогу негизги максатым…
Өзүм жөнүндө кыскача токтолоюн. Мен Бишкектеги жогорку окуу жайында
мугалим болуп иштейм. Жашым 28де. Турмушка чыга элекмин. Билим алууну, карьераны биринчи планга коюп, иштеп келем. Баары жетиштүү. Бир гана сизди жактырып калгандан бери түн уйкум бөлүнүп, көп ойлончу болдум. Үй-бүлөңүз бар экенин билем. Ошон үчүн өзүмдү кармап, тоскоол болуудан корком. Бирок ичимден сиз менен таанышып, мамиле курсам дейм. Экинчи жубайыныз болууну ойлойм Бул мен үчүн кандай оор сезим экенин туям, кыйналам… Асүйүү жашка. дагы көп тоскоолдуктарга карабайт тура. Жаңы жылда таанышууга барууну ойлонуп жатам. Мындай чечкиндүүлүккө кандай күч керек? Телефон номериңизди да таптым. Чындыгында байланышууга эрким жетпей келет. Жусупбек мырза, мен кыялымда сиздей баатырдан балалуу болсом… Катты жазып жатып, сөздөрүмдү көп ондодум, чындыгында ачык жазууну өзүм да күткөн эмесмин. Кадимкидей жеңилдей түштүм. Жаңы жылда жаркыраган
жашоону элестетип, биздин бактылуу күндөрүбүздү жаратсак…
Айка
«Азия Ньюс» гезити