Жүрөнөөк күйөөмдүн айынан кудаларга уят болдум

Күйөөм биз баш кошкондо деле аягы тыйылбай койгон. Башында аны кызганып далай жолу аялдар менен чачташтым. Кийин тажаганымда эмне кылсаң да мага баары бир деп жашап калдым. Үч бала менен ажырашып кыйналып жашамак белем балдарын камсыздай берсин үйдөбү чүйдөбү мааниси жок деп жашадым. ошентип расмий күйөөм болгону менен кээде жылдап башка аял менен жашаган эркектин үйүндө уулдарымды бактым. Экинчи келинимди алып келип той берип кудалар менен ресторандан жолугуштук. Куданын бир тууган карындашы деп бир аялды аябай сыйлап жатышкан. Таанышып чогуу отуруп калдык, күйөөмду көрөр менен баягы кудачабыз жылан көргөндөй секирип тура калды. Ошентип күйөөм экөөнүн айыбы ошол жерден ачылды. Көрсө Күйөөм өшко командировкага кеткенде ал кудачабыз менен чогуу жашап кош бойлуу болупк алганда үйгө баса бериптир. Азыр андан бир кызы бар экен. Тилибизди тишибизге катып унчукпай отуруп келдик. ошондон кийин келиним биздин үйдө оңтойсуз журөт. Күйөөм менен кудачанын кылыгына эки тарап аябай кыжаалат болуп жолукканда бажырап сүйлөшө албайбыз.

Add your comment

Your email address will not be published.