Жүрөктүн кызыктай согушу,адам өмүрүнө коркунууч жаратабы?

Жүрөктүн кызыктай согушу,адам өмүрүнө коркунууч жаратабы?

14-жалган куран, 2023-ж // Коом // Айпери Осмоналиева

Эгерде сиз күтүлбөгөн жерден жүрөгүңүздүн согушу кызыктай болуп жатканын  сезип баштасаңыз – демек сизде пальпитация болушу мүмкүн.Ал учурда сиз көңүл кош мамиле жасабай ,эртерээк дарыгерге барууңуз зарыл.

Бирок, кээде пальпитация кандайдыр бир көйгөйдү билдириши мүмкүн.Мисалы, жүрөктүн кагышы аритмиядан бузулушу мүмкүн. Аритмия алсыздык, баш айлануу, эс-учун жоготуу, дем алуу жана көкүрөк оору менен коштолгон жүрөктүн бир калыпта эмес согушун шартташы мүмкүн.

Аритмияны дарылоого болот ,бирок убагында дарыланбаса өмүргө коркунууч жаратат.Дени сак 30 жаштагы адамдын 60 жаштагы адамга караганда жүрөк-кан тамыр ооруларына тынчсыздануусуна көп негиз жок.

Булак:Аргумент кж