
Журналист Гүлжан Каримованы УКМК алып кеткени кабарланды
16-жетинин айы, 2023-ж // Коом // Айпери Осмоналиева«Назарньюс» сайтынын редактору Гүлжан Каримованы бүгүн УКМК сүйлөшүүгө чакырды. Бул тууралуу маалыматты анын иниси Майрамбек Каримов ырастады.
Анын айтымында, Гүлжан Каримова саат 12.00 чамасында кеңседен чыгып, УКМК кызматкерлери менен жолугушууга кеткен. Андан бери байланышууга мүмкүн болбой жатат.
Журналист өзүнүн Facebook баракчасына аны коопсуздук комитетинин өкүлдөрү алып кеткенин жазды.
Булак: Аргумент кж