Журат Абдуллаевдин 822 миллион сому бизнестен табылган мыйзамдуу акчабы, же?..

Журат Абдуллаевдин 822 миллион сому бизнестен табылган мыйзамдуу акчабы, же?..

28-тогуздун айы, 2022-ж // // Айпери Осмоналиева

“Гавайинин” кожоюну, ишкер Журат Абдуллаевден 822 миллион сом табылганы, мамлекетке өткөнү кабарланган. Бул боюнча өз ара келишпестиктер чыгып, талаш-тартыш уланат окшойт. Себеби, Журат Абдуллаевдин жактоочулары сотко кайрылышып, бизнестен түшкөн мыйзамдуу акча экенин далилдегени жатышыптыр. Каражаттын негизги бөлүгү “Үмүт и Ко” компаниясына караштуу экени да айтылууда. Ошондо аягы кандай болуп калат? Чындык кайсы тарапта? Коомчулук да адашып, баштары айланып калгандай. Убакыт керек го, чын-бышыгын далилдеп, акыйкатты алып чыкканга… Ансыз да Жураттын окуясынан кийин ири ишкерлер калчылдашып, каякка качарын билбей калышканы талкуу жараткан.

«Азия Ньюс» гезити