Коом

Жоолук салынып, 5 маал намаз окусам дагы күйөөмө жакпай жатам.Эмне кылсам?

Саламатсызбы менин катымды чыгарып. 5 жылдан бери күйөөмө жакпай жатам. Мен келин болуп келгенден кийин жоолука кирдим 5 маал намаз окуйм, бирок күйөөм кыздар менен сүйлөшөт мага корсулдай берет кыздар менен сүйлөшкөнүн билип калып урушсам мени 3 күн урат кет үйүңө сага көңүлүм жок дейт. Башында апама смс жазып жалдырап атып алган. Үйүмө кетип калсам жеңеме жаман көрүнөмбү дейм 2 балам бар. Бирок атамдын айткан сөзүнөн баргым келбейт өзүн тандадын үйгө ыйлап келбегин деген. Жүрөгүмдө толтура көйгөйүм бар эч кимге айталбайм бул жашоого келгениме өкүнүп жатам. Оронуп алганыма
жини келип жатабы десем жок жоолугуңа асылган жокмун сен сасыксын деген сөзү жүрөгүмдү оорутат бирок эч кандай жыт жок менде. Бирок косметика колдонбойм атыр да себинбейм боёнгонду жактырбайм. Косметика алып бер кирпик эктирейин анда акча бер десем өзүн иштеп таап дейт.Айтыңызчы эмне кылсам? Кеңеш бериңизчи?

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *