Жөнөкөй жана жагымдуу кеңештер

Жөнөкөй жана жагымдуу кеңештер

18-жалган куран, 2023-ж // Коом // Айпери Осмоналиева

-Бийик такалуу бут кийим кийип көпкө баса турган болсоңуз  ортон менен аты жокту бириктирип пластыр менен ороп койсоңуз, бир топко чейин бутуңуз талып оорубай жеңил жүрөсүз.

-Айрым учурда кымбат баага алган бижутерия тез эле карарып, өзүнүн көрүнүшүн жоготуп коет. Мындайда бижутерияңызды түссүз лак менен боёп коюңуз. Мында өңү гана ачылбастан, майда деталдары да бекемделет.

-Помаданы сүйкөрдөн мурун ага өзүнүн өңүнө окшош тенди же түссүз упаны сээп койсоңуз, помада оозуңузда көпкө чейин өчпөй сакталат.

-Боёлгон чачыңыздын түбү өсүп, боёгонго убактыңыз тар болуп жатса маңдайларыңызды туш же кара тен менен боеп койсоңуз бир конокто сулуу бойдон отура аласыз.

-Тишиңиз бат-бат саргарып агарта албай жүрсөңүз кадимки эле кулпунай агартуу касиетине ээ. Аны алгач тиш щеткага бир кесимин коюп тишиңизди жашылап жышып жууйсуз. Тиштин сарысы кетип жылтырап аппак көрүнүп калат жана тишке зыяны жок.

-Сыртка чыгарда сулуу, жыттуу болууну каалаган айымдар жок эмес. Чачыңызды тарарда таракка атырдан сээп койсоңуз. Күн боюу жагымдуу жыттанып жүрөсүз.

-Эскирип калган тениңизди ыргытпай, ага түссүз лак кошуп аралаштырсаңыз, жаңы өзгөчө өңдөгү лак жаралат.

-Кашыңыз иретсиз жана коюу болсо, чач үчүн гелди сүйкөп койсоңуз болот.

-Тишиңиз апапак көрүнсүн десеңиз, помаданын күлгүн, сыя, ачык кызыл өңдөгүсүн тандаңыз.

Булак: Аргумент.кж