Жолдошумдун уруктугу 0% экен, башкадан төрөп алсамбы?

Жолдошумдун уруктугу 0% экен, башкадан төрөп алсамбы?

16-үчтүн айы, 2023-ж // Без рубрики // Айпери Осмоналиева

Турмушка чыкканыма беш жылдан ашты. Акыркы үч жылдан бери дарыланып эле келе жатабыз. Буга чейин мен эле дарыланып жүргөм. Көрсө жолдошумдун уруктугу 0 % экен. Дарыгерлер жолдошун балалуу болбойт деп деп ачык эле айтышты. Ажырашып кетким келген жок. Эгерде мен жолдошумду таштап кетсем ал ичкиликке берип же өзүн-өзү өлтүрүп коюшу мүмкүн. Ал мага ушунчалык ишенип алганын көп ишинен билем. Жакын курбум күйөөңө айтпай бирөөдөн төрөп ал деп жатат. Ыйык орозо айында ушундай зына иштерди жазбайын дегем бирок, жолдошум менен ажырашкыча башкадан балалуу болсом да калган өмүрүмдү  жолдошум менен эле өткөрөт элем.