Жолдошумдун түгөйүнөн төрөп алдым, эми кантип айтам?..

Жолдошумдун түгөйүнөн төрөп алдым, эми кантип айтам?..

13-үчтүн айы, 2023-ж // Без рубрики // Айпери Осмоналиева

Эч кимге айтпай келген сырымды ачкым келди. Негедир бул сыр уулум бой тарткан сайын мени кыйнап келет. Качан жашырып келген сырым ачылып калат деп корком.  Жакында уулум үйлөнөт, ошондо кантип келинимдин бетин карап, аларга үлгү болом.
Мындан жыйырма эки жыл мурун ата-энеме жуучу түшуп мени коңшу айылга алып кетишти. Буга чейин жолдошумду бир да жолу көргөн эмесмин. Ошентип чакан үйгө бүлө болдум. Баары жакшы түшүнүктүү адамдар экен. Келгенден тартып эле кайнежем менен кайненем мени жалтактап карап, бир нерсе жашырып жүрүшкөндөй болду. Жолдошум эгиздин түйөгу экен, түгөйү болсо шаарда иштеп калыптыр. Жолдошум да жыл сайын барып доктурга көрүнуп келчү. Эмнеси ооруй турганын деле айткан эмес. Арадан эки жыл өттү. Балалуу боло албадым. Ошондой кундөрдүн биринде мени кайнежем доктурга көрүнүп анализ тапшыр деп шаарга алып кетти.
Эки күн катары менен мени болгон доктурга көргөздү. Кийинки күнү кайнежем көлгө курбулары менен барып келмек болуп жөнөп калды. Коркосуң деп күйөөмдүн түгөйүн чакырып койду. Кечке маал күйөөмө куюп койгондой окшош, бирок сулуучумак келген түгөйү келди. Колунда бир баштык бар. Ошентип бир үйдө жалгыз экөөбүз калдык.  Киши менен бат тил табышканга тез эле көнүшүп кеттик. Ала келген виносун чыгарып бир топко майрамдап отурдук. Өмүрумдө мындайды көрбөгөнгө мен таптакыр башка жашоодо жүргөндөй туюлду. Калганын билбейм. Эртең менен турсам жанымда жолдошумдун түгөйү жатат. Ошентип бир жумадай бирге жүрдүк. Кайнежем да келип калды. Ал билип калат деп көпкө уялып отурдум. Бир күнү эле тамак жесем окшуп өзүмдү алсыз сезип калдым. Тамак жасап жатып, көңүлүм айтып кусам. Муну байкап калган кайнежем сага шаар жакпай калды окшойт деп айылга кетирип ийди. Короодогу малдын жытынан окшуйм. Тамак жасап бере албай калдым. Кайненем балам кош бойлуу окшойсун деп мени оокат кылдырбай калды. Ошентип кыйналып жүруп уул төрөдүм. Уулум жолдошума куюп койгондой окшош. Ал эми жолдошумдун түгөйү болсо көп өтпөй Америкага кетип ал жактан орус улутундагы кызга үйлөндү. Андан эки кызы бар. Азыр келген сайын уулума башкача мамиле жасап, анын айтканын эки кылбайт. Көрсө кайнежем жолдошумдун тукумсуз экенин билип инисин бактысыз кылгысы келген эмес экен да. Качан уулумдун чыныгы атасы билинип калып баарынан айрылып калам деп коркум келем.
Жыргал