Жолдошум «сага караганда биринчи аялым жакшы эле» деп айтты. Ажырашып кетсемби?

Жолдошум «сага караганда биринчи аялым жакшы эле» деп айтты. Ажырашып кетсемби?

21-бирдин айы, 2023-ж // Коом // Айпери Осмоналиева

Саламатсыздарбы сураныч катымды чыгарып бериңизчи . Мен да эч кимге айта албаган ичимдеги мени жеп жаткан нерсени айткым келди. Мен турмушка чыкканмын, бир жыл болуп калды кош бойлуумун. Биринчи турмушум күйөөмө 2си болуп тийдим.  Өзүм 20 жаштамын. Күйөөмдү жакшы көрөм. Айтайын дегеним күйөөм менен урушуп кетип сага караганда биринчим жакшы эле сен начар экенсин. Ичиндеги меники экенине күмөнүм бар деген сөзү кулагымдан кетпей өзүмдүн самооценкам түшүп кетти.  Күйөөмө ошондон кийин көнүлү анча тартпай жатат.  Эмне кылсам анчалык төмөн кетип да жашай беремби же бул сөздөрүн дагы кайталайбы деп ажырашкым келип жатат.