
Жолдошум мага айтпай жашыруун үйлөнүп алыптыр
11-бугу, 2023-ж // Без рубрики // Айпери Осмоналиева— Мен 26 жаштамын. Турмушка чыкканыма алты жыл болду, эки кызыбыз бар. Кийинки убакта өзгөрүп кеткен жолдошум башка бирөөгө жашыруун үйлөнүп алыптыр. Аны угуп, мен үйдөн чыгып кеткем. Кийин эки кызымды алып кетүүгө барсам, “эмне кылсаң да кыздарды бербейм” деп койду. Чынында абалымды билет, кыздарды алып кетип бага турган деле жерим жок болчу. Өзүм эжемдин үйүндөмүн. Аялдарын кордогон, меникиндей оор абалга калтырган кыргыздын намыссыз жигиттери көбөйдү. Кыздар, күчтүү болгула! Жети өлчөп, бир кесип турмушка чыккыла!
Зайна
«Азия Ньюс» гезити