Жолдошум катыштарыбыздын, элдин көзүнчө кол эмес бут көтөрүп..

Жолдошум катыштарыбыздын, элдин көзүнчө кол эмес бут көтөрүп..

05-үчтүн айы, 2022-ж // // Айпери Осмоналиева

Мен турмушка чыкканымам 5жыл болду .Бизде дагы баардык үй бүлөдөй  эле уруш талаш болот бирок ыгын табып чыгып кете албай көп эле ажырашканга чеин барабыз.Жолдошум кол көтөргөн күндөрү болгон.Кайын журтум өзү күнөөлү болгон үчүн уруп жатат да дешет.Эки балабыз бар ошолорду ойлоп эле,бир жагынан жолдошумду да жакшы көрчүм окуучулук кезден бери чогубуз.Акыркы жолу катыштарыбыздын көзүнчө ,элдин көзүнчө кол эмес бутун да көтөрдү. Бат баттан эле сени өлтүрөм деген сөздү  көп айтат айрыкча ичип алганда өлтүрөм дейт.Көңүлүм калган сөздөрдү айтты,мурда кечирип келгем азыр таакыр жүрөгүм жылыбай жатат .Акыркы убакта  уруш болгон сайын колум титиреп ,башым ооруп өзүнөн өзү калчылдап жатат.Тилимди чайнап сүйлөй албай башкача болуп калып жатас.Бул эмнеге ?кимдин башынан өткөн болсо ,эмне кылыш керек ?