Жолдошум экөөбүз 15 жыл бирге жашап балалуу боло алган жокпуз…

Жолдошум экөөбүз 15 жыл бирге жашап балалуу боло алган жокпуз…

14-бештин айы, 2022-ж // Коом // Айпери Осмоналиева

“Жашоодо акча, байлык биринчи орунда турбайт экен…”

Жолдошум менен сүйлөшүп жүрүп баш коштук. Анын иши да, турмуш-шарты да абдан жакшы болчу. Экөөбүз көп жыл балалуу боло албай көрүнбөгөн дарыгер, бакшыбыз калган жок. Ай сайын бала күтө берип өңдөн азып аябай жүдөдүм. Жылдар зымырап уча берди. Эч качан бөлүнбөйбүз деп кучакташып ыйлаган күндөрүбүз да болду. Бирок бизден кийинки үйлөнгөндөр 2-3төн балалуу болуп калышты. Жолдошум ишинен жогорулап борбордон батир алдык, жаңы конуштардын биринен үй алдык. Бирок бара-бара канчалык акча көп тапкан сайын муңайып, ким үчүн ушинтип жанымды чаап иштеп жүрөм деп жүрөгүмдү эзчү болду. Кээде үйгө кеч келип, кээде такыр келбей калган адат тапты…

“Кайын журтум төрөбөгөн аял деп басмырлай баштады…”

Кайын журтум жыл өткөн сайын күтө берип тажап бүтүштү. “Ишиң жакшы, жашсың, акчаң, дүнүйөң бар, балаң эле жок” -деп күндө күйөөмдүн мээсине куя беришти. Мага болсо ачык эле: “Бирөөнүн бактысын байлабай кетип эле калсаң болмок” – дегенге чейин барышты. Ошентип 15 жылдай кайындарымдын оту менен кирип, күлү менен чыгып күн көрдүм. Күндө ыйлайм, күндө үмүтүмдүн шамы азайгандан азая баштады. Аргам түгөнгөндө апама чыдабай калганымды айттым. Апам да келбе, чыда деп кыйнай берди. Бирок менин чыдамым канчалык күчтүү болгону менен жолдошум чыдамы түгөнүп калганын ачык айтты. “Балким экөөбүз балалуу боло албастырбыз, сен башкага турмушка чыксаң, мен башкага үйлөнсөм балалуу болоорбуз, кечир” – деп каңырыгымды түтөттү…

“Экинчи турмуш куруп, уулдуу болдум…”

Баягы экөөбүз алган батир, үйлөрдү бириктирип сатты да туура тең экиге бөлүп, мага унаа, үй алып берип кечирим сурап кетип калды. Ошол бойдон кабар алган жок. Быйыл 38 жашка чыгам. Ушул жашка келгенде ээн үйдө жапжалгыз калып калдым. Билесиңерби, бакыт үйдө же акчада эмес экен. Ажырашкандан кийин да келип калабы деп күтүп жүрдүм. Бирок келген жок. Кыязы ушунча жылдан бери араң эле чыдап жүрсө керек. Апамдар болсо мага бала керек экендигин айтып, төрөп ал деп айтып жүрүштү. Турмушка чыгуудан коркуп калган жаным эч бир үйгө келин болуп баргым келген жок. Ошол себептен турмушка чыкпоону туура көрдүм. Туугандарым сунуштай беришкендиктен өзүбүздүн эле райондук, бизнес менен алектенген байкенин сунушу менен ага экинчи никедеги жубайы болууга аргасыз болдум. Бирок ушул кадамга барганыма өкүнбөйм. Азыр Кудайга шүгүр, уулубуз чоңоюп калды. Экинчи жолдошум уулдуу боло албай жүргөн экен, баласын аябай жакшы көрөт. Бирок биринчи никемдин бузулганына абдан кейийм, балалуу болуп калсак ажырашпайт элек… Тааныштардан сураштырып көрсөм үйлөнүптүр, бирок балалуу боло элек экен. Эмнегедир балалуу болбогонубузга жалгыз эле мен күнөөлүү боло берчүмүн. Балким жолдошум да көрүнүп көрсө балалуу болот беле, ким билсин?..

Булак: «Фабула»