Жолдошум 2 айлык боюмда бар кезимде таштап кетти

Жолдошум 2 айлык боюмда бар кезимде таштап кетти

10-чын куран, 2023-ж // Коом // Айпери Осмоналиева

Саламатсыздарбы, сураныч сайтка чыгарып берип коесуздарбы .Себеби, менин тагдырым элдерге сабак болуп эч ким жаман абалга калбоосун каалайт элем.Сөз башынан болсун, депрессия болуп жүргөн убагым эле.Бир күнү курбу кыздарым менен кафеге бардым .Ал жактан 37 жаштагы жаш көрүнгөн Азат аттуу жигит менен тааныштым.Жакшы сүйлөшүп кеттик, бир убакта үйгө кетмек болуп, такси чакыртып жатсам ,Азат өзү жеткирээрин айтты.Ошентип, унаада бара жатып үй-бүлөсү бар экенин айтты.Бирок, ага карабай сүйлөшүп көрөйүн деп , сүйлөшүп жүрдүк.Башында мамилеси аябай жакшы болчу, көп өтпөй кылган мамилеси өзгөрүп алыстай баштады.Билинбеген менен эки айдай убакыт сүйлөшүп коюптурбуз.Бир күнү кускум келип, абалым начарлап ооруканага барсам ,боюмда бар экенин айтты.Бул тууралуу Азатка айтканымда , бала менден эмес деп телефонун өчүрүп салды .Төрөбө коеюн десем ,эжемдер төрө дегенинен боюман алдырткан жокмун.Боюмда болгонуна 7 ай болгондон кийин Азат чалып кабар сураганда ,оозуман «жогол «-деген гана ачуу кыйкыйрык чыкты. Кызымды төрөп, 3 адан кийин ббашкага турмушка чыктым.Азыр жакшы жашап жатабыз. Кыздаарга айтаарым келечеги жок адам менен сүйлөшпөгүлө.

Булак: Аргумент кж