Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Жылдызкан Жолдошова президент Садыр Жапаровдун тарапташы Бекзат Өмүрбековдун ырына ыр менен жооп кайтарыптыр.

Жолдошова аны арам акчага буйрутма аткарбоого чакырып: “Мен  көргөндү сен көрө элексиң. Чыныгы эркек “грузчик” болуп иштесе дагы үй-бүлөсүн ак эмгеги менен  багат”, – деп кошумчалаган.

Бекзат Өмүрбековго арналып жазылган ырдын текстин өзгөртүүсүз беребиз.

Ырыңа жоопту берейин балам,

Тынчысын сенин тынч эмес санааң.

Жылдызым өчпөс мен тирүү кезде,

Жылдыздай бийик, күйүп бир жанам.

Ажого айттым акыйкат, чындык,

Болбосун деп эртең бир жаман.

Кошомат кылып тоюушат ашка,

Ток эмес жүрөт сендейлер ачка,

Жалданган жалчы, чындыкты бурат.

Жамандап баарын жар салып калкка.

Камандар курчап, казышат орду,

Дайыма буруп шыкактайт солду.

Жугунду ичип семирген сендей,

Көздөрүн байлап, көрсөтпөйт жолду.

Баламды айтып, кейидиң Бекзат,

Ал чоң эмес, кичине кызмат.

Убайым тартып таарынган жокмун,

Себеби ошол таарынды деген,

Ал сен жазган, келжирек ушак.

Он бир жыл колдоп, кесиптеш болдум,

Тарбия берип, тазасын ойдун.

Чыркырап турдум  чындыкты айтып,

Тартса да канча азабын тордун.

Баш үйрүп баары кеткен бир кезде,

Сатпадым аны жанында болдум.

Ошондо кайда жүрдү элең кыйын,

Жугунду ичкен жугундукорум.

Мен душман эмес Садырга болчу,

Көрсөтүп ага түз, туура, оңду.

Өлкөбүз үчүн күйүп мен айтам,

Баспасын деп  баягы жолду.

://www.facebook.com/100062544220488/posts/186175860143887/?d=n