Саясат

Жолдошева: “Шайоого катышам, бирок бийликчил партияга кошулбайм”

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Жылдызкан Жолдошева алдыдагы парламенттик шайлоого катышууга ниеттенүүдө. Бул тууралуу саясатчы жергиликтүү маалымат сайттарга өзү маалымдаган.
Учурда Жолдошева шайлоого кайсы партия катышарын азырынча чече элек.

“Мен азырынча кайсы партиядан көрсөтүлөөрүмдү чече элекмин. Дагы убакыт бар. Балким, мен өзүн өзү көрсөткөн талапкер болом.
Бирок бийликчил партияларга кошулбайм. Садыр Жапаров экөөбүз мурунку курдаштар экенибизге карабай, мен кандайдыр бир маселе боюнча ойлогонумдун баарын айтуудан коркпойм.”- деген Жолдошева.
Эске сала кетсек, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 2021 -жылдын 28 -ноябрында өтөт. 54 адам пропорционалдык система аркылуу (партиялык талапкерлердин ачык тизмеси боюнча), 36 депутат бир мандаттуу округдарда мажоритардык система аркылуу шайланат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *