Саясат

Жолдошева: “ Садыр иним, бир учурда өзүн мага айттың эле Орозайым мен үчүн көп жакшылык жасады деп..”

“Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын мүчөсү активист Орозайым Нараматованын кармалышы коом тарабынан кызуу талкууга алынып, бул көрүнүшкө терс пикирлер айтылууда. Бул окуяга бир катар саясатычылар реакция жасап, көз караштарын билдирүүдө. Садыр Жапаровдун бир кездеги санаалашы Жогорку Кенештин
5-чакырылышын депутаты Жылдызкан Жолдошева бул боюнча президентке кайрылуу жасады:

“ Садыр иниме кайрылуу…
Садыр иним, бир учурда Өзүң мага телефондон айттың эле…»Жылдыз эже, Орозайым мен үчүн, менин үй-бүлөм үчүн көптөгөн жакшылыктарды жасады, унутпайм»-деп.
Эмнегедир, Садыр сага жакшылык кылгандар «ыдык», «кордук» көрүп жатышат, ал эми Сени «каматкандар» төрүңдө олтуруп, бийлик бутактарына барышып, «чардап» жатышат. Мындай көрүнүштөрдү кандай түшүнсө болот?
Коомдо дагы бир, жаман «илдет» орноло баштады, «колдогон киши, кордолот»-экен деген.
Биздин өлкө, демократиялуу өлкө… эстеп көрсөң, Өзүң убагында бийликке кандай «ачуу» сөздөрдү айтат элең. Чындыкты көтөрө бил, чындыкты айткан кишиден коркпо, кошоматчылардан, хамелеондордон корк.
Энесин, агасын жоготуп, кан жутуп турган «кыз» балага, эркек жигиттер жылуу сөз айтып, колдош керек. Анткени, аял кишинин жан дүйнөсү өзгөчө, аярлуу…
Кандай оор «груз 200″… Орозайым үчүн, бир тууганын Россиядан алып келип, жерге берүү. Элестетип көргүлөчү…
Мен ишенип турайын, «Орозайымды, чыркыратып кармап, камагыла»-деген буйрукту Садыр Жапаров берген жок деп…анткени Садыр өзү боорукер инсан”- деп жазды саясатчы айым.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *